БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Европа биримдиги АКШнын президенти Дональд Трамптын чакырыктарына карабастан, Түркияны россиялык мунайды импорттоодон баш тартууга көндүрө албай жатат. Бул тууралуу Politico жазды.
"Евробиримдиктин курамына кирбеген Түркияны позициясын өзгөртүүгө мажбурлоо үчүн Брюссель көп нерсе кыла албайт", — деп айтылат макалада.
Трамп мурдараак НАТОго мүчө бардык өлкөлөр россиялык мунайдан баш тартса Россияга каршы олуттуу санкцияларды киргизүүгө даяр экенин билдирген. Андан тышкары, ал альянсты Кытайдан келген товарларга 50-100 пайыздык бажы төлөмдөрүн киргизүүгө чакырган. Ак үйдүн башчысы бул Украинадагы жаңжалды токтотууда чоң роль ойноорун белгилеген.
Басылма саясатчынын демилгеси Анкара үчүн арзан энергия булагынан баш тартууга олуттуу аргумент болуп бере албай турганын белгилеген.
7-сентябрда АКШ президенти Украинадагы жаңжалдан улам Россияга каршы санкциялардын экинчи этабын баштоого даяр экенин билдирди. Ал жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн темпи жетишсиз экенин байкаса, запаста дагы "экинчи жана үчүнчү фазалар" бар экенин тактады. Мында Трамп Москвага да, Киевге да чектөө киргизе аларын баса белгиледи.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремлде саясатчынын Россияга карата жаңы билдирүүлөрүн жана санкциялык чараларды күчөтүү боюнча айткандарын укканын белгиледи.