Нарышкин: түрктөр менен славяндар Чоң Алтайда жанаша жашап келишкен

Sputnik
БАРНАУЛ, 15-сен. — Sputnik. Түрк жана славян элдери кылымдар бою Чоң Алтай аймагында жанаша жашап келишкен. Бул тууралуу Россиянын Тарых коомунун башчысы Сергей Нарышкин билдирди.
Барнаулда "Чоң Алтай мейкиндигиндеги славян-түрк дүйнөсү: тарых жана азыркы учур" аттуу IV эл аралык алтай таануу форуму өтүп жатат. Нарышкин иш-чаранын катышуучуларына куттуктоо жолдоду.
"Жыл сайын иш-чаранын масштабы кеңейип, аны менен кошо Чоң Алтайдын тарыхына коомчулуктун көңүлү күчөп жатканы кубандырат. Түрк жана славян элдери кылымдар бою чек арасы орток болуп, тыгыз маданий байланышта жанаша жашап, бара-бара көп улуттуу өлкөбүздүн цивилизациялык контурун түзүшкөн. Алардын мурасы Россиянын жана Борбор Азия мамлекеттеринин тарыхын түшүнүү үчүн уникалдуу билим казынасын түзөт", — деп айтылат маалыматта.
"Чоң Алтай мейкиндигиндеги славян-түрк дүйнөсү: тарых жана азыркы учур" аттуу IV эл аралык алтаистика форуму Россиядан, Беларустан, Венгриядан, Казакстандан, Кытайдан, Кыргызстандан, Монголиядан, Тажикстандан, Түркмөнстандан, Түркиядан жана Өзбекстандан келген 500гө жакын окумуштуу, студент, изилдөөчүлөрдүн, анын ичинде алтаистика жана түркология тармагындагы дүйнөгө таанымал эксперттердин катышуусунда өтүүдө. Катышуучулар Чоң Алтай элдеринин тарыхы жана маданиятындагы эң маанилүү маселелерди талкуулашат.
Лавров: Чоң Алтай евразиялык биримдиктин маанилүү элементи болуп саналат