БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. АКШнын президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путин жана Владимир Зеленский катышкан үч тараптуу жолугушуу "салыштырып айтканда, жакында болорун" билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
"Билбейм. Салыштырмалуу алганда, жакында. Бул маселени кандай болсо да чечебиз. Бирок жана мен белгилегендей, убактысын алсак, салыштырмалуу айтканда, жакынкы мезгилде", — деген Трамп журналисттердин бул жааттагы суроолоруна жооп берип жатып.
Путин мурдараак "эгер Зеленский жолукканга даяр болсо Москвага келсин" деген эле. Кийинчерээк анын маалымат катчысы Дмитрий Песков РФ лидери Киев башчысын капитуляциясын кабыл алыш үчүн эмес, сүйлөшүүгө чакырганын айткан.
РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Путин Зеленский менен мамлекет башчылары гана чече ала турган стратегиялык маселелерди талкуулоо үчүн жолугарын билдирген эле. Көп өтпөй Киев башчысы диалог үчүн Москвага келүүдөн баш тарткан.
Эске салсак, Трамп РФ лидери Путин менен Зеленскийдин жолугушуусун даярдап жатканын, анын артынан өзү да катышкан үч тараптуу сүйлөшүүлөр болорун айткан.