Министрге чейин ыйлатышкан. Ташиев кримчөйрө менен күрөш тууралуу айтты

Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кайсы бир министр Камчыбек Ташиевге арызданып, "бандиттердин башчысы коркутуп жатат" деп ыйлап келген. Бул тууралуу УКМК төрагасы Ноокаттагы эл менен жолугушуусунда билдирди.
Анын айтымында, окуя мындан эки жыл мурда болгон. Ал аткаминерди өзү калкалап, аягында "үй-бүлөсүнө зордук көрсөтөм" деген бандит жок кылынганын айтты. Кылмышкерлер менен күрөшүүдөн улам ага бир нече жолу кол салуу аракети болгонун билдирди.
"Бандиттердин, коррупционерлердин тууган-уругу бар, бизди жаман көргөндөр арбын. Мени жок кылам деген канча аракет болду. Президентибиздин атайын купуя жарлыгы менен мага күзөтчүлөр берилди. Канча аракет кылышты, бирок биз буга чыдайбыз, ишти аягына чыгарабыз", — деди Ташиев.
Атайын кызматтын башчысы КМШ аймагында уюшкан кылмыштуу топ жок кылынган жалгыз өлкө Кыргызстан экенин белгиледи.
УКМК: мурдагы кызматкер 400 миң доллар паранын бир бөлүгүн кайтарып жатып кармалды