Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

NYT: Россия дрондордун империясына айланды

Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. New York Times Россия пилотсуз учуучу аппараттарды көп өндүргөндүктөн дрондордун империясына айлангандыгын жазды.
"Россия өкмөтү пилотсуз учактар өлкө үчүн эң башкы артыкчылык экенин билдирип, дрондор империясын түзүүгө мамлекеттик жана жеке ресурстарды салды", — деп айтылат макалада.
Журналисттер Россияда дрондорду жасоодо революция болгонун белгилешкен.
Forbes 4-сентябрда россиялык дрондордон улам украин аскерлери техника жагынан аксап жатканын жазган эле. Басылма Украина армиясынын баш оорусу болуп жаткан "Рубикон" бөлүгүнүн дрончуларынын ишин согуштагы эң майнаптуу кадамдардын бири деген баасын берген.
Эске салсак, РФтин коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко 1-сентябрда болгон отурумда келечектүү пилотсуз технологиялардын сыноосун өткөргөн "Рубикон" борбору атайын операция жүргөн аймактарда байланыштын 4000 каражатын талкалагандыгын билдирген. Андан сырткары, 44 миң FPV-дронду иштен чыгарган.
Путин Россияда пилотсуз системалар өзүнчө курам катары түзүлүп жатканын билдирди