УКМК: мурдагы кызматкер 400 миң доллар паранын бир бөлүгүн кайтарып жатып кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин атын жамынып кайсы бир жаранды кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүүнү убада кылып, андан 400 миң доллар пара алууга шектелген укук коргоо органдарынын кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу атайын кызмат маалымат таратты.
Анда өлкөнүн Аскер прокуратурасы Кылмыш-жаза кодексинин "Опузалап пара алуу" беренеси менен иш козгоп, териштирүүнүн аркасында кылмыштын бети ачылганы айтылат.
"Ушул жылдын 24-июлунда С.А. аттуу жаран кармалып, ага опузалап пара талап кылуу жана пара алууга катышкандыгы боюнча айып тагылган. Кийинки иликтөөлөрдүн натыйжасында УКМКнын мурдагы кызматкери А.Э. аттуу жарандын да катыштыгы аныкталып, ал 130 миң долларды кайтарып берүү учурунда кармалды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда кылмыштын бардык жагдайларын тактоо жана кылмыштуу топко катышы бар башка кызмат адамдарын аныктоо жумуштары жүрүп жатканы белгиленди. Шектүүлөр соттун чечими менен камакка алынган.
Жоокерлерге жеңилдик берип, акы алып турушкан. Аскер кызматкерлери кармалды