БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Бекзат Алмаз уулу Хорватияда өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 57 килограмм салмак категориясында күмүш медаль тагынды.
Эркин күрөш боюнча мелдештин финалына чейин кыргыз балбаны канадалык Гаретт Аустин Саундерсти, япон балбаны Рин Сакамотону, македониялык Владимир Егоровду жана өзбекстандык Гуломжон Абдуллаевди жеңген.
Чечүүчү таймашта кыргыз балбаны Түндүк Кореядан келген учурдагы Азия чемпиону Чонг Сонг Хан менен күч сынашып, 9:12 эсебинде утулуп калды.
Бул медаль Кыргызстан үчүн аталган дүйнө чемпионатындагы экинчи ийгилик болду. Бир күн мурда 70 килограмм салмакта Эрназар Акматалиев коло медаль тагынган.