БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. 2025-жылдын жети айында Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигинин башка өлкөлөрү менен болгон товар жүгүртүүсү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,2 пайызга көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Маалыматка караганда, товардын жалпы көлөмүнүн болжол менен үчтөн экиси Россияга туура келет.