БИШКЕК, 15-сен. — Sputnik. Кыргызстандагы "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунда Борбор Азия аймагынын Тез аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүнүн командачылыгы жыйын өткөрдү. Бул тууралуу ЖККУ машыгууларынын Бириккен маалымат борборунан кабарлашты.
Жыйын "ЖККУга мүчө мамлекеттердин аймагына бастырып кирген мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча жамааттык күчтөрдүн согуштук аракеттерге даярдыгынын жана жүргүзүлүшүнүн негиздери" деген темада болду.
Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук аскер округунун жана ЖККУнун Бириккен штабынын өкүлдөрү катышуучуларды Борбор Азия регионундагы чакырыктардын жана коркунучтардын анализи, уюмдун аскердик компонентинин абалы, өнүгүү келечеги тууралуу айтып беришкен. Ошондой эле абадан коргонуу, радиоэлектрондук күрөш, учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу менен согуштук аракеттерди уюштуруу боюнча практикалык сунуштар берилди.
Командачылыктын офицерлери башкаруу каражаттарынын өнүгүшү жана алардын колдонулушу, техникалык жана тылдык камсыздоо жөнүндө маалымат алышкан.
Жыйындын максаты жамааттык күчтөрдүн бирдиктүү аракеттерин иштеп чыгуу жана 17-20-сентябрда өтө турган "Рубеж — 2025" командалык-штабдык машыгуусуна даярдоо болду.