Кыргызстан инвестициялык мүмкүнчүлүктөргө бай өлкө. Өндүрүш тармагында, логистика, тоо кен, туризм айтор кайсы багытты албайлы, ишкерлерди кызыктыра алат. Ошого карабай эгемендүүлүк жылдарында ири инвестициялардын келген учуру солгун. Учурда мамлекет инвесторлор үчүн ар түрдүү мүмкүнчүлүктөргө жол ачып, салыктык жеңилдиктерден тарта, мыйзамдагы ийкемдүүлүктөрдү сунуштап жатат. Муну менен катар эле ар бир аймак жетекчи инвестиция тартып, өзү жетекчилик кылган регионду өнүктүрө алат.
Биздин аткаминерлер инвест долбоорлорду түзүүсү кандай болууда? Буга кандай көндүмдөр керек? Өлкөгө инвестиция тартуу багытында кандай зарылчылыктар бар? Деги эле Кыргызстандын инвестициялык маанайы кандай?
Бүгүнкү уктуруубузда сүйлөшөбүз.