Апасы айдоочулук күбөлүк алууга даярданып жатканда кошо жаттап алган - Жол белгилерин жатка билген алты жашар Алиаскар

Sputnik
Алты жашар Алиаскар жол белгилерин жатка билет. Ал апасы айдоочулук күбөлүк алууга даярданып, тасмаларды көрүп жатканда кошо жаттап алган. Ошондой эле анын ата-энеси бул жөндөмүн өркүндөтүүсүнө шарт түзүп, жол белгилерин камтыган оюнчуктарды да сатып бере баштаган. Баланын өзгөчө өнөрүн ЖКККББ жетекчиси Жеңиш Жоробеков да баалап, Жоробеков балага, анын ата-энесине жолугуп, жаңы рюкзак белек кылды.
“Стимул” программасында Алиаскар Тойчубаев атасы Мунарбек Сатыбалдиев менен бирге конок болуп, анын жол белгилерине болгон кызыгуусу тууралуу маектештик.