Кыргызстанда кош бойлуу аялдарды жана жаш энелерди санариптик колдоо үчүн түзүлгөн «ЭММА» мобилдик тиркемеси сунушталды. Эми кыргыз тилинде жеткиликтүү болгон тиркеме Кыргызстанды кошо алганда 193 өлкөдөгү колдонуучулар үчүн акысыз.
"ЭММА" — бул кош бойлуулуктун календары гана эмес, аялдарды кош бойлуулуктун алгачкы жумаларынан баштап төрөттөн кийинки мезгилге чейин коштоп жүрүүчү толук кандуу санариптик жардамчы. Тиркеме 460тан ашык илимий негизделген макалаларга, дарыгерлердин жеке консультацияларына, жолугушуулар жана дары-дармектер жөнүндө эскертүүлөргө, ошондой эле тамактануу, физикалык жана психоэмоционалдык ден соолук боюнча сунуштарга жеткиликтүүлүктү камсыз кылат.