Трамп Путин менен Зеленский качан жолугарын божомолдодуБалбан Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан коло медаль тагындыЖоокерлерге жеңилдик берип, акы алып турушкан. Аскер кызматкерлери кармалдыАлдыда кененирээкКыска мөөнөттүү өргүү алууга жана аскер бөлүктөн уруксатсыз чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп, уюлдук телефон колдонууга уруксат берип жоокерлерден акча алган коррупциялык схема уюштурган аскер адамадары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Мындай көрүнүш "Кой-Таш" аскер бөлүгүндө аныкталган. Маалыматта алар аталган жеңилдиктерди бергени үчүн аскерлерден 1 000 сомдон 50 000 сомго чейин акча алышканы айтылат."Факт боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси менен иш козголду. Аны иликтөөнүн алкагында Коргоо министрлигинин өздүк курам менен иштөө боюнча окуу батальонунун командиринин орун басары Б.М.М. жана окуу батальонунун 2-ротасынын 1-взводунун командири К.А.Б. кармалып, тергөө абагына камалды", — деп жазылган билдирүүдө. Атайын кызмат коррупциялык схемага тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо боюнча ыкчам издөө иш-чараларын улантууда.
Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан коло медаль утту. Ал армениялык спортчу Арман Андреасян менен беттешип 8:2 эсебинде жеңишке жетти. Балбандын дүйнө чемпионатынан жалпы жонунан үч медалы бар. Ал 2021-жылы күмүш, 2023-жылы коло, 2025-жылы да коло тагынды. Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Хорватияда өтүп жатат. Балбандар 70 килограмм салмак категориясында кармашты.
АКШнын президенти Дональд Трамп РФ лидери Владимир Путин жана Владимир Зеленский катышкан үч тараптуу жолугушуу "салыштырып айтканда, жакында болорун" билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. "Билбейм. Салыштырмалуу алганда, жакында. Бул маселени кандай болсо да чечебиз. Бирок жана мен белгилегендей, убактысын алсак, салыштырмалуу айтканда, жакынкы мезгилде", — деген Трамп журналисттердин бул жааттагы суроолоруна жооп берип жатып. Путин мурдараак "эгер Зеленский жолукканга даяр болсо Москвага келсин" деген эле. Кийинчерээк анын маалымат катчысы Дмитрий Песков РФ лидери Киев башчысын капитуляциясын кабыл алыш үчүн эмес, сүйлөшүүгө чакырганын айткан. РФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров Путин Зеленский менен мамлекет башчылары гана чече ала турган стратегиялык маселелерди талкуулоо үчүн жолугарын билдирген эле. Көп өтпөй Киев башчысы диалог үчүн Москвага келүүдөн баш тарткан.
New York Times Россия пилотсуз учуучу аппараттарды көп өндүргөндүктөн дрондордун империясына айлангандыгын жазды. "Россия өкмөтү пилотсуз учактар өлкө үчүн эң башкы артыкчылык экенин билдирип, дрондор империясын түзүүгө мамлекеттик жана жеке ресурстарды салды", — деп айтылат макалада. Журналисттер Россияда дрондорду жасоодо революция болгонун белгилешкен. Forbes 4-сентябрда россиялык дрондордон улам украин аскерлери техника жагынан аксап жатканын жазган эле. Басылма Украина армиясынын баш оорусу болуп жаткан "Рубикон" бөлүгүнүн дрончуларынын ишин согуштагы эң майнаптуу кадамдардын бири деген баасын берген. Эске салсак, РФтин коргоо министринин орун басары Алексей Криворучко 1-сентябрда болгон отурумда келечектүү пилотсуз технологиялардын сыноосун өткөргөн "Рубикон" борбору атайын операция жүргөн аймактарда байланыштын 4000 каражатын талкалагандыгын билдирген. Андан сырткары, 44 миң FPV-дронду иштен чыгарган.