Өлкөдө шамалдан электр энергиясын өндүрүү башталды - альтернативдүү энергетиканын келечеги кандай?

Sputnik
Ысык-Көлдө Кыргызстандагы алгачкы шамал генератору орнотулду. Ал Балыкчы шаарына жакын жерге жайгашты. Долбоор жашыл энергетиканы өнүктүрүү аракетинин алкагында ишке ашырылып жатканы ал эми орнотулган заманбап жабдуу 30 жылдан ашык убакыт кызмат кыла алары кабарланды. “Күн башат" программасында дал ушул өлкөдөгү алгачкы шамал генератору жана жалпы кайра жаралуучу энергия булактары тууралуу маектештик. Биздин суроолорубузга Жашыл энергетика ассоциациясынын жана Соода-өнөр жай палатасынын энергетика комитетинин төрайымы Кундус Кырбашева жооп берди.