Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын январь–август айларынын аралыгында 243 миллиард 51,7 миллион сом өлчөмүндө салыктар менен камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 55 миллиард 332,5 миллион сомго көп.Бюджеттер боюнча түшүүлөр төмөнкүдөй болду.Республикалык бюджетке 165 миллиард 234,7 миллион сом түшүп, белгиленген план 104,6 пайызга аткарылды. Бул көрсөткүч пландан 7 миллиард 261,8 миллион сомго ашыкча экенин көрсөтөт.Жергиликтүү бюджеттерге 24 миллиард 817,6 миллион сом багытталып, план 109,1 пайызга аткарылды. Натыйжада 2 миллиард 66,1 миллион сом ашыкча каражат түшкөн.Мамлекеттик салык кызматы камсыздандыруу төгүмдөрү катары 52 миллиард 999,4 миллион сом чогулткан. Бул пландын 102,4 пайызга аткарылышын камсыз кылып, 1 миллиард 259,4 миллион сомго ашыкча түшүү менен коштолду.Жалпы жыйынтык боюнча 2025-жылдын январь–август айларында салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдөн 190 миллиард 52,3 миллион сом түшкөн. План 105,2 пайызга аткарылып, 9 миллиард 328 миллион сомго ашыкча каражат чогултулду.
Кыргызстанда шекер өндүрүүнүн көлөмү 1 миллиард 803 миллион сомдон ашты.Кыргыз Республикасында шекер өндүрүү тармагы 2025-жылдын башынан бери өсүштү көрсөттү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2025-жылдын январь–июль айларынын жыйынтыгы боюнча өндүрүлгөн шекердин көлөмү 1 миллиард 803 миллион 587,7 миң сомду түздү Бул көрсөткүч 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кыйла жогору. Белгилүү болгондой, өткөн жылы шекер өндүрүүнүн көлөмү болгону 300 сомду түзгөн. Башкача айтканда, 2024-жылы бул тармак дээрлик токтоп турган.
Октябрь айынын аягында Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн маданият министрлери Мирбек Мамбеталиев менен Ольга Любимованын жолугушуусунда белгилүү болгонун Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады. Билдирмеге караганда, тараптар искусство, билим берүү, музей жана китепкана иши боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана жаштар демилгелерин колдоо маселелерин талкуулашты. "Жолугушууда 2025-жылдын октябрь айынын аягында өтө турган Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнө даярдыктын маанилүүлүгү белгиленди. Бул иш-чаралар эки өлкөнүн маданий диалогун чыңдоого маанилүү кадам болуп саналат", — деп жазылат маалыматта. Министр Мамбеталиев 2028-жылы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата Санкт-Петербург шаарында жазуучуга эстелик орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштап, анын дүйнөлүк адабияттагы ордун белгилеген.АБА ЫРАЙЫ15-сентябрь түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 15-сентябрь, дүйшөмбүдө күндүз тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет билдирди. Абанын температурасы Чүйдө +25...+30, Талас, Ысык-Көл өрөөндөрүндө +21...+26, Ош. Жалал-Абад жана Б