БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын НАТО өлкөлөрүнө россиялык мунайды импорттоону токтотуу талабы жаңы антироссиялык санкцияларды кабыл алууну кечиктирүү аракети болушу мүмкүн. Бул тууралуу The Washington Post жазды.
“Вашингтондо да, Европада да Россияга каршы кескин чараларды көрүүнү жактагандардын айрымдары Трамптын соңку талабын Россияга каршы кадамдардан качуу үчүн колдонулган тактика катары кабыл алышты”, — деп айтылат маалыматта.
Кечээ АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагына НАТОнун бардык өлкөлөрү Россиянын мунайынан баш тартса Москвага каршы олуттуу санкцияларды киргизүүгө даяр экенин жазды. Мындан тышкары, Трамп альянсты Кытайдан келген товарларга карата 50-100 пайыз деңгээлинде бажы алымдарын киргизүүгө чакырды. Ал бул Украинадагы жаңжалды токтотууда чоң роль ойнойт деп билдирген.
Трамптын бажы алымдары
Соңку убакта Индия менен Штаттардын мамилеси Вашингтондун Москва менен энергетика тармагындагы кызматташтыкты токтотуу талабынан улам начарлап кетти. Июль айынын аягында америкалык лидер Индиядан импорттолгон товарларга 25 пайыздык бажы салыгын киргизүү жөнүндө жарыялады. Ал Нью-Дели тарабынан коюлган жогорку тарифтерди, соода тоскоолдуктарын жана "Россия менен кызматташууну" жүйө келтирген. Трамп Индия дагы жогоруда айтылган аракеттери үчүн айып төлөшү керек деп билдирген. Тариф 7-августта күчүнө кирди. Андан бир күн мурун Трамп Россиянын мунайын сатып алганы үчүн Индиядан келген импортко 25 пайыз өлчөмүндө кошумча бажы алымын киргизүү жөнүндө жарлыкка кол койгон. Бул санкциялар 27-августтан тарта иштеп жатат. Ал эми Нью-Дели Трамптын талаптарын аткаруудан баш тартты.
РФ тышкы иштер министри Сергей Лавров индонезиялык "Компас" гезитиндеги маегинде белгилегендей, Россия Индиянын АКШнын кысымына моюн сунбаганын жана эркин соода принциптерине берилгендигин сактап калганын баалады.