Ташиев майыптыгы бар кишиге үй салдырып, жалгыз бой келинге батир белек кылды

Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев 1-топтогу майыптыгы бар кишинин үй-бүлөсүнө Кара-Кулжада там салдырып берди. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, үй-бүлөсү менен ар кайсы туугандарынын үйүндө жашап келген Адилет Уланбек уулу буга чейин Ташиевге жардам сурап кайрылган. Ага бир айда бардык шарты менен там салынып берилген.
УКМК төрагасы төрт баланын жалгыз бой энесине да Ош шаарынан заманбап батирдин ачкычын тапшырган.
Нуржамал аттуу келин былтыр үч эм төрөп, көп өтпөй жолдошу менен ажырашып кеткен. Ташиев балдарын жалгыз багып жаткан келинге үч бөлмөлүү батир белек кылганы кошумчаланды.
Вебкам-студия уюштуруп соттолгон Ажиевдин аялына батири кайтарылып, унаа берилди