Бийик тоолуу жерлерде кар жаап, күн сууктайт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет 16-сентябрдан 18-сентябрга чейин өлкөдө абанын температурасы дароо төмөндөп, жамгыр жаап, бийик тоолуу жерлерге кар түшөрүн эскертти.
Абанын температурасы 16-18-сентябрга чейин Чүйдө түндө 6…11 градус, күндүз 17…22 градус болсо, Таласта түндө 2…7, күндүз 15…20 градуска чейин төмөндөйт.
Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында түндө 9…14, күндүз 20…25 градус, Ысык-Көлдө түндө 4…9, күндүз 15…20 градусту көрсөтөт. Нарында түндө 2...7, күндүз 16…21 градуска чейин, тоолуу жерлеринде түндө 0…5тен, күндүз 9…14 градуска чейин төмөндөй турганы айтылды.
Мындай аба ырайы транспорттун, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.
Күндүн табы кайтып, күздүн илеби сезилет. Сентябрга карата аба ырайы