Лондондогу митингге 3 млн. адам чыгып, 25 киши кармалды

Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Лондондогу мыйзамсыз миграцияга каршы митингге 3 миллиондой адам чыкканын Британиянын оңчул активисти Томми Робинсондун айтымына таянып РИА Новости жазды.
Ишембиде түмөндөгөн кишилер Кир Стармердин өкмөтүнүн миграция саясатын сынга алып, "Падышалыкты бириктирели" деген ураан алдында митингге чыгышкан.
Нааразычылык акциясынан кийин полиция 25 адамды кармаган.
Лондондун укук коргоо органдары акциянын катышуучулары менен кагылышуунун натыйжасында 26 полиция кызматкери жаракат алганын, төртөө оор абалда экенин билдирди.
Непалда министрлерди тик учактан аркан ыргытып эвакуациялашты. Видео