Октябрда Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Октябрь айынын аягында Кыргызстанда Россиянын маданият күндөрү өтөт. Бул тууралуу эки өлкөнүн маданият министрлери Мирбек Мамбеталиев менен Ольга Любимованын жолугушуусунда белгилүү болгонун Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Билдирмеге караганда, тараптар искусство, билим берүү, музей жана китепкана иши боюнча биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, материалдык эмес маданий мурастарды сактоо жана жаштар демилгелерин колдоо маселелерин талкуулашты.
"Жолугушууда 2025-жылдын октябрь айынын аягында өтө турган Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнө даярдыктын маанилүүлүгү белгиленди. Бул иш-чаралар эки өлкөнүн маданий диалогун чыңдоого маанилүү кадам болуп саналат", — деп жазылат маалыматта.
Министр Мамбеталиев 2028-жылы Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдык мааракесине карата Санкт-Петербург шаарында жазуучуга эстелик орнотуу мүмкүнчүлүгүн кароону сунуштап, анын дүйнөлүк адабияттагы ордун белгилеген.
Пресс-борбор
Россия Кыргызстанга инженерлерди даярдоого жардам берет