Ири суммада акча талап кылган чекисттерге ишенбегиле! Ташиев элге кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев чекисттердин арасында да коррупционерлер бар экенин айтып, элди алдап акча алгандарга ишенбөөгө чакырды.
Ташиев жакында эле анын атын сатып, акча алып кармалган УКМК кызматкерин мисал келтирген.
"Биздин кызматкерлер таптаза деп ойлобогула. Өзүнүн кызматынан, бийлигинен пайдаланып, атыбызды сатып коррупция кылгандар дагы бар. Аларды да жоопко тартып жатабыз. Менин атымды саткандар бар, кечээ эле бирөөсүн кармадык. Ал "биз төрагага алып барып беришибиз керек, күтүп жатат" деп акча алган. Урматтуу эл-журт, эч качан андай нерселерге ишенбегиле. Мен, жанымда жүргөндөр коррупцияга илешпейт. Илеше турган болсо президенттин алдында жооп беребиз", — деген Ташиев Ошко барган сапарында.
УКМК төрагасы мамлекеттик кызматкерлер арасында коррупцияны жоюу боюнча иш кызуу жүрүп жатканын айтып, акча алгандар сөзсүз жазаланарын белгилеген.
УКМК "Кадастрдагы" узун кезектин себебин аныктап, эки кызматкерди кармады