БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргыз балбаны Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан коло медаль утту.
Ал армениялык спортчу Арман Андреасян менен беттешип 8:2 эсебинде жеңишке жетти.
Балбандын дүйнө чемпионатынан жалпы жонунан үч медалы бар. Ал 2021-жылы күмүш, 2023-жылы коло, 2025-жылы да коло тагынды.
Эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионаты Хорватияда өтүп жатат. Балбандар 70 килограмм салмак категориясында кармашты.