БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Кыргызгидромет бир жумага карата аба ырайынын божомолун таратты.
Ага ылайык, алдыдагы аптада күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаап, бийик тоолуу аймактарга кар түшүшү мүмкүн. Бишкекте дагы 16-сентябрдан 18-сентябрга чейин жамгыр жаап, абанын температурасы 18...20 градуска чейин төмөндөйт. 18-20-сентябрда күн кайра ачылат.
Чүй, Талас
15-сентябрда эки аймакта күн ачык болот. Абанын температурасы Таласта күндүз 24...26, Чүйдө 27...29 градустун тегерегин көрсөтөт. 16-сентябрдан баштап 18-сентябрга чейин жамгыр жаайт, айрым жерлерге катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы дароо 17...19 градуска төмөндөйт. Апта аягында күн кайра жылый турганы айтылды.
Ош, Баткен, Жалал-Абад
Өлкөнүн түштүк аймактарына да келерки аптанын шаршембисинен тарта жамгыр жаап, бийик тоолуу жерлерине кар түшөрү божомолдонууда. Абанын температурасы апта башында 23...25 градус жылуу болсо, жамгыр жааганда 20...21 градуска түшөрү айтылды.
Жалал-Абадда 15-сентябрда 24...26 градус жылуу болсо, шаршембиден апта этегине чейин 21...23 градуска төмөндөйт. Баткенде дагы 17-сентябрдан 19-сентябрга чейин жамгыр жаап, абанын температурасы 21...23 градусту көрсөтөт.
Ысык-Көл, Нарын
Ысык-Көлдө 16-сентябрдан 20-сентябрга чейин күндүн көзү бузулуп, жамгыр жаайт. Бийик тоолуу жерлерге кар түшсө, тоолуу аймактарда жаан катуу жаашы мүмкүн. Абанын температурасы 18...23 градустан 13...18 градуска чейин төмөндөйт. Нарында дагы төрт күн катары менен жамгыр жаай турганы божомолдонду, абанын температурасы 20...22ден 15...17 градуска чейин түшөт.