БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Жалал-Абадда жасалма документтерди саткан топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Сузактын Б.У.Э., Г.И.А. жана Р.М.М. аттуу тургундары паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, айдоочулук күбөлүк, диплом сыяктуу маанилүү документтерди даярдап, сатып келишкени аныкталды.
Тинтүү маалында коргоо белгилери бар күбөлүктөр, нотариалдык ишеним каттардын актай нускалары, ошондой эле атайын техникалык жабдуулар алынды.
Айрым документтер чет мамлекетте даярдалып, Кыргызстанда сатылганы аныкталып, шектүүлөр камакка алынды.