БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Эне жана баланы коргоо борборуна Rebless Planar деп аталган аппарат берилгенин Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Билдирүүгө ылайык, жаңы роботтор KOICA (Кореянын эл аралык кызматташтык агенттиги) жана H Robotics компаниясынын (Түштүк Корея) көмөгү менен алып келинген. Жалпы наркы 150 миң долларды түзөт.
Rebless Planar — неврологиялык жана ортопедиялык оорулардан кийинки бейтаптардын кыймыл-аракетин, күчүн калыбына келтирүү үчүн колдонула турган жогорку технологиялык машыктыруучу робот.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин айтымында, аппараттар балдарды заманбап ыкма менен реабилитациялоого чоң жардам берип, дарылоонун натыйжасын жогорулатат.