Садыр Жапаров Гүлчөгө шаар статусун берүүнү тапшырып, жарым миллиард сом бөлдү

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Гүлчө айылына шаар статусун берүү маселесин кароону тапшырды. Бул боюнча өлкө башчы кечээ, 12-сентябрда, XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.
1 / 8

Президент Садыр Жапаров Гүлчө айылына шаар статусун берүү маселесин кароону тапшырды

2 / 8

Бул боюнча өлкө башчы кечээ, 12-сентябрда, XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди

3 / 8

XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чара

4 / 8

XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чара

5 / 8

XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чара

6 / 8

XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чара

7 / 8

XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чара

8 / 8

XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чара

Ошондой эле президент аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, көчөлөрүн оңдоого 500 миллион сом бөлгөн.
"Ушул салтанаттуу мүнөттөрдө дагы бир жагымдуу жаңылык менен бөлүшкүм келип турат — Гүлчө айылына шаар статусун берүү маселесин кароону тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырдым. Андан сырткары, өлкөбүздүн Турукташтыруу фондунан Гүлчөнүн инфратүзүмүн өнүктүрүүгө, көчөлөрүн толук асфальттап бүтүрүүгө 500 миллион сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алдым", — деди Жапаров.
Талас, Нарын жана Баткендеги ЖОЖдор Улуттук университетке кошулду