Россотрудничество Кыргызстандагы мектептерге 4000 китеп берди

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Россотрудничество Кыргызстандагы билим берүү мекемелерине 4000ге жакын китеп берди. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") маалымдады.
Анын ичинде методикалык колдонмолор, сөздүктөр, балдарга арналган жана көркөм адабияттар бар. Белек Чүй, Ысык-Көл облустарындагы 3 университетке, 14 мектепке жана Аскердик окуу жайга берилди.
Россотрудничествонун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Алберт Зульхарнеев белектерди тапшыруу учурунда мугалимдер менен окуучуларды жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктады. Жакында Россиядагы жогорку окуу жайларга документтерди кабыл алуу башталарын, билим берүү көргөзмөлөрү, окуучулар менен мугалимдерге сынактар, квалификацияны жогорулатуу боюнча курстар жана башка иш-чаралар өтө турганын билдирип, активдүү катышууга чакырды.
Мурдараак "Русский дом" Талас облусундагы Таш-Арык айылындагы мектепке, Ош шаарындагы Макаренко атындагы мектепке да билим берүү жаатындагы керектүү шайман, китептерди беришкен.
Россотрудничество Кыргызстандагы мектептерге 3000 китеп берди