БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Россиянын аскерлери Борбордук Азия аймагынын ыкчам жайгаштыруу боюнча жамааттык күчтөрүнүн командалык-штабдык "Рубеж-2025" машыгууларына катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу РФтин Коргоо министрлиги маалымдаганын РИА Новости агенттиги жазды.
"Борбордук аскер округунун 201-аскер базасынын кызматкерлери Борбордук Азия аймагынын жамааттык күчтөрү менен командалык-штабдык "Рубеж-2025" машыгууларына катышуу үчүн Кыргыз Республикасына барышты", — деп айтылат маалыматта.
Мекемеден белгилешкендей, бөлүктөрдү жайгаштыруу аралаштыруу ыкмасы менен жүргүзүлүп, мотоаткычтар сооттолгон БТР-82А транспортерлору, "Урал" жана "КамАз" автоунаалары менен келишкен. Атайын техникалар аскердик-транспорттук Ан-124 "Руслан" жана Ил-76 учактары менен ташылгандыгы кабарланды.