Непалдын өкмөтүн биринчи жолу аял жетектей турган болууда

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Непалда Жогорку соттун мурдагы төрайымы Сушила Карки убактылуу өкмөт башчы болду. Бул тууралуу Khabarhub басылмасы жазды.
Маалыматка ылайык, ал жума күнү ант берип, кызматына киришкен. Буга чейин өлкө президенти Рам Чандра Паудель Каркинин талапкерлигине макул болуп, Өкүлдөр палатасын таратуу ишин улантууну чечкен.
Ошентип, Карки Непал тарыхында биринчи аял-премьер-министр болду.
Өткөн аптада Непал бийлиги Байланыш жана маалымат технологиялар министрлигинен каттоодон өтпөгөн социалдык медиаплатформаларга тыюу салуу чечимин кабыл алган. Андан улам "Z муундун революциясы" деп аталган каршылык акциялар башталып, кагылыштардан 50дөн ашык адам каза болуп, миңден ашууну жаракат алган.
Өкмөт социалдык медиаплатформаларга салынган тыюуну алып салууну чечкен менен протесттер тынчыган жок. Демонстранттар өлкөнүн премьер-министри Шарма Олинин отставкага кетүүсүн талап кылышкан. Жума күнү алар анын үйүн өрттөп, өкмөттүк комплекске кирип, "Непал Конгресс" партиясынын борбордук кеңсесин жана парламент имаратын өрттөшкөн. Премьер-министр Непалдан кеткен. Ал эми өкмөт мүчөлөрү үйлөрүнөн тик учак менен эвакуацияланган.
Сак болгула! ТИМ Непалда жүргөн кыргызстандыктарга кайрылды