Лондондо түмөндөгөн кишилер мыйзамсыз миграцияга каршы митингге чыкты. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Улуу Британиянын борбору Лондондо түмөндөгөн кишилер "Падышалыкты бириктирели" деген ураан алдында мыйзамсыз миграцияга каршы митингге чыкты. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Алар "кемелерди токтотолу!" деп кыйкырып, өкмөттү сындашты. Акциянын уюштуруучуларынын бири, оңчул активист Томми Робинсон бул жүрүшкө "миллиондогон адамдар чыкты" деп билдирди.
Шаардын борборунда полиция элди токтотуп, өкмөттүк кварталга өтүүгө жол берген жок. Кагылышуулар башталды. Тартип сакчылардын маалыматына караганда, 9 киши кармалды, полиция кызматкерлерине кол салган учурлар катталган.
Митингчилер өлтүрүлгөн америкалык саясатчы жана активист Чарли Кирктин ысымын да кыйкырып, айрымдары анын сүрөттөрүн көтөрүп чыгышты.
"Революция башталды, эми аны токтото албайсыңар", — деди Робинсон.
Украинанын алты шаарынын жашоочулары нааразылыкка чыкты