АКШ жашыруун куралдарды даярдоо үчүн 10 миллиард доллар бөлдү

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Пентагон SHOTCALLER программасынын алкагында жашыруун 25 түрдүү куралды иштеп чыгууга 10,8 миллиард доллардан ашык каражат бөлдү. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Коргоо министрлигинин документтеринде анын ичинен 1,16 миллиард доллар 2026-жылдын бюджети менен каралганы айтылган.
Маалыматка ылайык, Advanced Innovative Technologies программасы – 1,16 миллиард доллар алат. Мурунку жылдары бул тармакка 9,6 миллиард доллардан ашык каражат жумшалган.
Жаңы долбоорлордун айрымдары Asgard, Bedlam, Lazarus, Oculus Prime, Pele жана Rolling Dice деген шарттуу аттар менен белгиленген. Кээ бир багыттар буга чейин жүз миллиондогон доллар менен каржыланган, айрымдары 2026-жылы гана башталат.
Пентагондун маалыматына караганда, бул куралдар аскердик машыгууларда аныкталган талылуу жерлерди жоюп, АКШнын Кытай менен мүмкүн болгон кармаштагы позициясын бекемдөөгө тийиш.
SHOTCALLER программасы узак аралыкка атылуучу куралдарды түзүп, космос, авиация жана деңиз системаларынан алынган маалыматтарды бириктирүүнү көздөйт. Бул АКШга Азия-Тынч океан аймагындагы чыгып кетиши ыктымал жаңжалдарда ыкчам жана так сокку урууга шарт түзөт.
Трамптын жакын адамы Кирктин өлүмүнө шектелген кишинин качып бараткан видеосу чыкты