14-сентябрга карата аба ырайы

Sputnik
БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. 14-сентябрга караган түнү өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаашы мүмкүн, бирок күндүз көпчүлүк аймагында күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргыз гидрометеорология таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +24...+29, Талас аймагында +22...+27, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Ысык-Көлдө +20...+25, Нарын өрөөнүндө +22...+27 градус болот.
Күндүн табы борбор калаада +27…+29, Ош шаарында +30...+32 градуска көтөрүлөт.
Муздардын эриши менен кооптуу вирус тарашы мүмкүн. Окумуштуунун божомолу