Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Токмок шаарындагы балык чарбага барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, Адылбек Касымалиев Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Токмок шаарындагы балык чарбасына барды. Анда Минкаб төрагасы балык өстүрүү технологиялары, өндүрүш процесси жана балык өстүрүү секторун өнүктүрүү келечеги менен таанышып, балык уулоо тармагын өнүктүрүү өлкөнүн экспорттук потенциалын жогорулатуу үчүн маанилүү экенин айтты. Ошондой эле мамлекет ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого жана бизнести өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө артыкчылыктуу көңүл бурарын белгиледи.
Бүгүн жүздөгөн адам Бишкектеги Кара-Жыгач паркын таштандылардан арылтты Ага келгендер арасында тазалоо жана таштандыны иргөө боюнча "Таза оюндар" деп аталган эл аралык командалык мелдештер өттү. Уюштуруучулар мындай сынактарды өткөрүүдө катышуучулар демейдеги ишембиликтерге караганда таштандыны орто эсепте он эсеге көп топтошорун билдиришти. Бир сааттын ичинде баарынан көп чогулткан команда жеңүүчү болду. Сейил бактан баш-аягы 1,5 тонна калдык топтолду. Иш-чарага "Росатом" мамлекеттик корпорация өнөктөш болду.
Жалал-Абадда жасалма документтерди саткан топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.Маалыматка ылайык, Сузактын 3 тургуну паспорт, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, айдоочулук күбөлүк, билим тууралуу диплом сыяктуу маанилүү документтерди даярдап, сатып келишкени аныкталды.Тинтүү маалында коргоо белгилери бар күбөлүктөр, нотариалдык ишеним каттардын актай нускалары, ошондой эле атайын техникалык жабдуулар алынды.
Непалда Жогорку соттун мурдагы төрайымы Сушила Карки убактылуу өкмөт башчы болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазды. Маалыматка ылайык, ал жума күнү ант берип, кызматына киришкен. Буга чейин өлкө президенти Рам Чандра Паудель Каркинин талапкерлигине макул болуп, өкүлдөр палатасын таратуу ишин улантууну чечкен. Ошентип, Карки Непал тарыхында биринчи аял премьер-министр болду. Өткөн аптада Непал бийлиги Байланыш жана маалымат технологиялар министрлигинен каттоодон өтпөгөн социалдык медиа платформаларына тыюу салуу чечимин кабыл алган. Андан улам "Z муунунун революциясы" деп аталган каршылык акциялар башталып, кагылыштардан 50дөн ашык адам каза болуп, миңден ашууну жаракат алган.