Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Sputnik
Президент Садыр Жапаров Гүлчө айылына шаар статусун берүү маселесин кароону тапшырды. Бул боюнча өлкө башчы кечээ, 12-сентябрда XIX кылымдагы көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмери Алымбек датканын 225 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.Ошондой эле президент аймактын инфраструктурасын өнүктүрүүгө, көчөлөрүн оңдоого 500 миллион сом бөлгөн. "Ушул салтанаттуу мүнөттөрдө дагы бир жагымдуу жаңылык менен бөлүшкүм келип турат: Гүлчө айылына шаар статусун берүү маселесин кароону тиешелүү мамлекеттик мекемелерге тапшырдым. Андан сырткары, өлкөбүздүн Турукташтыруу фондунан Гүлчөнүн инфратүзүмүн өнүктүрүүгө, көчөлөрүн толук асфальттап бүтүрүүгө 500 миллион сом бөлүү тууралуу чечим кабыл алдым", — деди Жапаров.
Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдө өнөр жай менчигинин объектилери жөнүндө маалымат издөө үчүн атайын сервис ишке кирет. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришти. Аталган комиссиянын кеңешинин 12-сентябрдагы отурумунда корголуучу өнөр жай менчигинин объектилери жөнүндө маалымат издөө сервисин түзүү боюнча макулдашуунун долбоору жактырылып, зарыл процедуралардан өтүп жана кол коюу үчүн биримдикке мүчө мамлекеттерге жиберилген. Жаңы сервис уюмдун аймагында корголгон товардык жана тейлөө белгилери, географиялык көрсөткүчтөр жана товардын чыгарылган жери сыяктуу жалпы маалыматтарды камтыйт. Мындай демилгенин негизги максаты — автордук укук ээлерине, бизнеске, патенттик ишенимдүү өкүлдөргө жана мамлекеттик органдарга ыңгайлуу болуш үчүн бардык маалыматты бир базадан алууга шарт түзүү. Маалыматтык ресурс бардык кызыкдар колдонуучуларга акысыз негизде жеткиликтүү болот.
Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн ордуна карылар үйү жана 500 орундуу балдар бакчасы курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Тимур Малбашев билдирди. Анын айтымында, мүлк соттун чечими менен мамлекетке кайтарылган. Анда заманбап шарттагы карылар үйү уюштурулуп, Ысык-Ата менен Бишкектеги карылар үйүнүн жашоочулары ошол жакка көчүрүлөт. “Калган жарымына 500 орундуу балдар бакчасы курулуп, Кой-Таш, Арашан, Таш-Мойнок, Татыр, Прохладное жана ага жакын айылдардын балдарына кызмат көрсөтөт. Азыркы учурда алар балдарын шаарга ташып келип жатышат. Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, кийинки жылы аяктаары күтүлүүдө. Ал эми Бишкектеги карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр салынат”, — деди Малбашев. Ал убагында жеке менчикке өтүп кеткен мүлк жана жер тилкелери кайрадан мамлекетке кайтарылып, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланылып жатканын эске салды.
Киев режиминин неонацисттеринин бардык кылмыштарынын жоопкерчилиги толугу менен Евробиримдиктин мойнунда. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин РИА Новости жазды. "Евробиримдик жана анын айрым мүчөлөрү элинин акчасына киев режимин ачык колдоп, ага жардам берип тирешкен тарапка айланды. Демек, украиналык неонацисттердин терроруна да аралашып, мындан улам бардык кылмыштарынын жоопкерчилиги ошолордун мойнунда десек болот", — деди Захарова.