БИШКЕК, 13-сен. — Sputnik. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйендин Украинаны колдоого акча сурап жыл сайын кайрыла бергени уяла турган көрүнүшкө айланды. Мындай пикирин Франциянын "Патриоттор" партиясынын лидери Флориан Филиппо YouTube каналында билдиргенин РИА Новости агенттиги жазды.
"Ал (Урсула фон дер Ляйен. — ред.) эмнегедир бүгүнкү күнгө карата Украинага жардамдын көлөмү 170 миллиард еврону түзөт деп айтууда, бирок ага мындан да көп керек. Бул — уят", — деген ал.
Саясатчынын айтымында, Владимир Зеленский Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскерлерине айлыкты Европа өлкөлөрү төлөшүн бир нече жолу суранган.
"Ал (фон дер Ляйен. — ред.) Украинанын Куралдуу күчтөрүн инвестициялоону улантат. Макул, биз төлөйбүз. Бирок калгандарынан (Европа өлкөлөрүнөн — ред.) мындай нерсе аларга керекпи деп бир ооз да сурашкан жок", — деп кошумчалаган Филиппо.
Бейшембиде Урсула фон дер Ляйен Европа парламентине жыл сайынкы кайрылуусун жасап, Киевди Россиянын бөгөттөлгөн активдеринин эсебинен каржылоо зарылдыгын айткан. Ошондой эле Украина менен кызматташуунун жаңы программасын жарыялап, Европа 6 миллиард евро бөлө турганын жана Киев менен учкучсуз аппараттар боюнча альянска кошуларын билдирген.
Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Еврокомиссиянын башчысы кайрылуусунда "Украина" деген сөздү 35 жолу кайталаганын белгилеген.
Сентябрь айынын башында Европа парламентиндеги саны боюнча экинчи орунда турган "Социалисттер менен демократтардын прогрессивдүү альянсы" фракциясы Урсула фон дер Ляйенге ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоону сунуштаган. Демилгенин авторлору аны Еврокомиссия ЕБдин кызыкчылыгына зыян келтире турган келишимди АКШ менен мандатсыз түзгөнгө айыптоодо. Мындан тышкары, демилгечилер фон дер Ляйен Газага геноцидге тете болгон чабуул жасаганына карабай Израилге каршы санкция киргизүүдөн баш тартып жатат деп эсептешет. Ошондой эле Европа комиссиясы социалдык, экономикалык каатчылыкка карата эч кандай аракеттерди көрбөгөнүн сынга алышкан.