БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Улуттук банк "Кылым банк" ачык акционердик коомуна лицензия бергенин кабарлады.
Анын уставдык капиталы түзүлгөндө бир миллиард сом менен бекиген. 2027-жылга чейин бул көрсөткүчтү 5 миллиард сомго жеткирүү мерчемделүүдө.
Банк толугу менен мамлекетке караштуу болот. Ал ушул жылдын башында өкмөттүн токтому менен ачылган.
Белгилей кетсек, мамлекеттин мындан башка да төрт банкы бар. Алар: "Айыл банк", "Элдик банк", Мамлекеттик өнүгүү банкы жана "Керемет банк". Андан тышкары, "Капитал банктын" 100 пайыз акциясы да Каржы министрлигинин карамагында.