Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

РФ ТИМи: Украина кылмыштарынын жоопкерчилиги Евробиримдиктин мойнунда

Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Киев режиминин неонацисттеринин бардык кылмыштарынын жоопкерчилиги толугу менен Евробиримдиктин мойнунда. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.

"Евробиримдик жана анын айрым мүчөлөрү элинин акчасына киев режимин ачык колдоп, ага жардам берип тирешкен тарапка айланды. Демек, украиналык неонацисттердин терроруна да аралашып, мындан улам бардык кылмыштарынын жоопкерчилиги ошолордун мойнунда десек болот", — деди Захарова.

ЖМК: Киев миллиондорду чапчыган тышкы каржылоо боюнча эсеп-чотунан жаңылган