Талас, Нарын жана Баткендеги ЖОЖдор Улуттук университетке кошулду

Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Аймактардагы үч жогорку окуу жай Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине кошулат. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды.
Ага ылайык, Кыргыз улуттук университетине Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети жана Баткен мамлекеттик университети кирет.
Жарлыкка ылайык, КУУ кошулган университеттердин укук жана милдеттерин өзүнө алат. Ал эми министрлер кабинети алты айдын ичинде уюштуруучулук жана финансылык чараларды көрүшү керек.
Жалал-Абад шаарындагы ЖОЖдордон 2 606 студент окуудан чыгарылды