БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Польша Беларусь менен чек арасын жапты, ал эми түндө бардык жерин толугу менен бекитет. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Эми бир автоунаа жана эки темир жол көзөмөл-өткөрүү жайлары иштебей калат.
Польшанын премьер-министри Дональд Туск мындай кадамды "коопсуздуктан улам жасалып жатат" деп негиздеп, ага себеп катары бүгүн баштала турган "Запад-2025" аталышындагы орус-беларус аскердик машыгуусун бетке кармаган. Андан сырткары, Минскинин Польшанын жаранын тыңчылыкка шек санап кармаганын кошумчалаган.
Азырынча алардын чек араны канча мезгилге жабары так айтылган жок.
Польша администрациясынын жана ички иштеринин министри Марчин Кервиньский чектеш жерлерди ачууну аны жогорудагы машыгууга автоматтык түрдө байлап коюуга болбостугун жана мөөнөтү такталбагандыгын айтты.
Бул окуядан кийин Беларустун ТИМи Польшанын убактылуу ыйгарым укук алып, алардын аймагына иштеп жаткан дипломаты Кшиштоф Ожаннды чакырып, нааразылык нотасы оозеки айтылган. Минск бул кадамды негизсиз жана мыйзамсыз деп атады.
Мындай позиция тууралуу Европа биримдигинин Беларустагы өкүлүнө да кабарланган. Дипломат Польшанын кадамдарына тиешелүү баа берилерин айткан.
Коңшусундагы кырдаал боюнча үн каткан Россия Варшаваны бул чечимди узартпай кайра карап чыгууга чакырды. РФ ТИМ өкүлү Мария Захарова Польшанын бир тараптуу кадамдары Польша-Беларусь чек арасынан товар ташыган эл аралык өнөктөштөргө зыян алып келерин белгилеген.
"Запад-2025" машыгуусу Беларустун аймагында бүгүн башталып, 16-сентябрга чейин созулат. Максаты — союздаш эки мамлекеттин аскердик коопсуздук жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн, тыштан агрессия болсо ага даярдыгын текшерүү.