БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн ордуна карылар үйү жана 500 орундуу балдар бакчасы курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Тимур Малбашев билдирди.
Анын айтымында, мүлк соттун чечими менен мамлекетке кайтарылган. Анда заманбап шарттагы карылар үйү уюштурулуп, Ысык-Ата менен Бишкектеги карылар үйүнүн жашоочулары ошол жакка көчүрүлөт.
“Калган жарымына 500 орундуу балдар бакчасы курулуп, Кой-Таш, Арашан, Таш-Мойнок, Татыр, Прохладное жана ага жакын айылдардын балдарына кызмат көрсөтөт. Азыркы учурда алар балдарын шаарга ташып келип жатышат. Курулуш иштери жакынкы күндөрү башталып, кийинки жылы аяктаары күтүлүүдө. Ал эми Бишкектеги карылар үйүнүн ордуна ипотекалык көп кабаттуу үйлөр салынат”, — деди Малбашев.
Ал убагында жеке менчикке өтүп кеткен мүлк жана жер тилкелери кайрадан мамлекетке кайтарылып, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланылып жатканын эске салды.
“Кой-Таштагы Алмазбек Атамбаевдин үйү мамлекетке таандык болчу. Кийинчерээк ал өзүнө каттатып, үй салып алган. Соттун чечими менен бул жер тилкеси мамлекетке кайтарылды”, — деди ал.
Малбашев Атамбаев эле эмес, Курманбек Бакиевдин дагы мүлкү мамлекетке өтүп, элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатканын кошумчалады.
“Бакиевдин Бишкек шаарындагы Жибек Жолу проспектинде жайгашкан үйү мамлекетке өткөн. Анын ордуна ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн реабилитациялык борбор курулган. Бүгүнкү күндө бул борбордо миңдеген балдар дарыланып, реабилитациядан өтүп жатышат”, — деди ал.
Маммүлктүн жетекчиси Бакиевдердин Скрябин көчөсүндөгү дагы бир жери мамлекетке кайтарылганын, ал жерге ипотекалык көп кабаттуу үйлөр курулуп, жүздөгөн киши турак жайлуу болгонун кошумчалады.