ЖМК: Киев миллиондорду чапчыган тышкы каржылоо боюнча эсеп-чотунан жаңылган

Sputnik
БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Эл аралык валюта фонду Киев бийлиги тышкы финансылоо боюнча өзүнүн муктаждыгын 20 миллиард долларга туура эмес баалап алган. Bloomberg агенттиги бул колдоо боюнча кезектеги жардамды алууда кыйынчылыкка кептеши мүмкүндүгүн жазды.
"Эл аралык валюта фонду Украинанын муктаждыгы алдыдагы эки жыл ичинде өкмөтү баалаган суммадан 20 миллиард доллардан өйдө болушу мүмкүн экенин аныктады", — деп айтылат маалыматта.
Бул иштерден кабары бар кызматкердин айтымында, өткөн жумада Киевде Украинанын 2026-2027-жылдарга карата тышкы каржылоосу талкууланып жатканда кайчы пикирлер пайда болгон. Агенттик бул нерсени аталган фонд Украинанын кредиттик жаңы программасын караганга чейин жоюшу керектигин белгилеген.
"Украина өзүнүн негизги өнөктөштөрүнөн кошумча жардам тартууда бир катар жаңы кыйынчылыктарга туш келе баштады", — деп айтылат материалда.
Буга чейин Украинанын өкмөт башчысы Юлия Свириденко Эл аралык валюта фондунун Киевдеги миссиясынын жетекчиси Гэвин Грейге өлкөнү колдоо максатындагы финансылоонун жаңы программасын сурап кайрылган эле.
2024-жылы Украина бюджетинин тартыштыгы рекордго жетти, тагыраагы, ал 43,9 миллиард долларды чапчыды. Өлкө финансылык муктаждыктарынын басымдуу бөлүгүн жабуу үчүн эл аралык өнөктөштөрдүн жардамына таянып келет, анысын эми да улантууда.
Бул арада Батышта жардамдын жаңы топтомун бөлүү узакка созулган талкуулардан кийин гана ишке ашып жатат. Гэвин Грей буга чейин убакыттын өтүшү менен Киевге көрсөтүлүүчү эл аралык колдоо азаярын, ошондуктан өлкө бийлиги өзүн-өзү каржылоону камсыз кылуу үчүн ички ресурстарды өнүктүрүшү зарылдыгын белгилеген.
Мурдараак Владимир Зеленский да өзүнүн куралын жасап чыгарууга акча жоктугун жана Батыштын берген жардамынын темпи жайлап калганын айтып, нааразы болгон.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
"Акча соро берген саз". Вэнс Байдендин тушундагы Украинаны сүрөттөрдү