БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан адам өлтүрүп, кылмыш изин жашыруу максатында сөөктү дааратканага салып жиберген шектүү кармалды.
Маалыматта окуя ушул жылдын 12-июнунда болгону айтылат. Лебединовка айылында жайгашкан үйлөрдүн биринде эки жаран ичип отуруп, ортолорунда жаңжал чыгат. Алардын бири жанындагысын моюнга жана көкүрөк тушка бычак менен бир нече жолу сайып өлтүрүп, кылмыш изин жашыруу максатында маркумдун сөөгүн үйдүн короосундагы дааратканага салып таштаган.
Бул факт облустук милицияда катталып, окуянын катышуучулары такталып Т.Т. жана К.А. аттуу жарандар экени аныкталган. Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен иш козголгон. Тергөөнүн жүрүшүндө Т.Т. көрсөтмө берип, окуя болгон жер текшериип, К.А. аттуу жарандын сөөгү дааратканадан чириген абалда жана зордук-зомбулуктун белгилери менен табылган.
Кылмышка шектелген 17 жаштагы Т.Т. соттун чечими менен камакка алынган. Тергөө иши боюнча айыптоо актысы түзүлүп, кылмыш ишинин өндүрүшү аяктап, соттук кароого жөнөтүлдү.