Жүрөк оорулары аялдар арасында кеңири таралган, бирок көп учурда белгилери жашырын өтөт. Эрте чарчоо, демигүү, көкүрөктөгү оордук — булар жүрөктүн көйгөйүн билдириши мүмкүн. Аялдардын гормоналдык өзгөрүүлөрү, стресс жана туура эмес жашоо образы жүрөк ооруларынын өнүгүшүнө шарт түзөт. Өкүнүчтүүсү — көпчүлүк аялдар бул белгилерге маани бербейт. Өз убагында текшерилип, дарыгердин кеңешин угуу — оорунун алдын алуунун негизги жолу.
Кардиохирург Амир Мидиновдун айтымында, профилактика — эң мыкты дарылоо. Спорт менен алектенүү, туура тамактануу жана кан басымды көзөмөлдөө жүрөк ооруларынан сактайт. Ар бир аял өзүнүн жүрөгүнө кам көрүүгө тийиш!