Бишкекте ТМУга мүчө-мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусу өттүДүйнөлүк метеорологиялык уюм абанын булганышы коомдук саламаттык үчүн чоң коркунуч бойдон калып жатканын билдирдиКыргызстанда жер титиреди. Өлкөнүн башкы сейсмологу өз билдирүүсүн айттыАлдыда кененирээкЖер титирөөнүн очогу 15-20 чакырым тереңикте борбор калаага жакын жайгашкандыктан тик толкундар келип, Бишкекке башкача сезилди. Бул тууралуу Сейсмология институтунун директору Канатбек Абдрахматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Анын айтымында, азыр саат 13:57де Бишкектен 20 чакырым чыгыш тарапта очогунда 4,5 баллдык жер титирөө катталды. "Силкинүүнүн очогу 15-20 чакырым тереңдикте жайгашып, бизге жакын болгондуктан Бишкекке тик толкундар келди. Ошон үчүн башкача сезилди. Азырынча кайталанышы мүмкүн деген маалымат жок. Афтершок мындай учурда эмес, адатта жер катуу титирегенде болот", — деди башкы сейсмолог. Абдрахматов титирөө Ысык-Ата жаракасында болгондугу тууралуу божомолго да тактоо киргизип, андай болушу мүмкүн эместигин айтты. Ал жараканын тереңдиги 3-4 эле чакырым экенин, азыркы силкинүү андан да ылдый жактан чыкканын белгиледи. Эске салсак, Кыргызстанда жер титиреди. ӨКМдин маалыматы боюнча силкинүү саат 13.57де катталып, магнитудасы 4,2ге жетти. Узактыгы бир нече секундга созулду.
Бүгүн, 12-сентябрда Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотовдун төрагалыгы астында Түрк мамлекеттер уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын төртүнчү жолугушуусу болуп өттү. Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө КМШ өлкөлөрүнүн туруктуулугу жана коопсуздугу жалпы коркунучтарды өз убагында аныктоо, терең талдоо жана биргелешип нейтралдаштыруу жөндөмдүүлүгүнө түздөн-түз көз каранды экенин белгиледи. Аймактагы учурдагы чакырыктар ар түрдүү, бирок алардын баары окшош мүнөзгө ээ: алардын кесепеттери улуттук чек аралардан чыгып, системалуу өз ара аракеттенүүнү талап кылат. Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле натыйжалуу жооп ишенимге, ишенимдүү маалымат алмашууга жана саясий, гуманитардык жана технологиялык чөйрөлөрдө макулдашылган аракеттерди иштеп чыгууга негизделгенде гана мүмкүн экенин баса белгиледи. «Заманбап дүйнөдө тышкы коркунучтар оңой эле ички көйгөйлөргө айланып, локалдык кризистер тез арада аймактык кризистерге өтүп кетүүгө жөндөмдүү болгондуктан, алдын ала аракеттенүүгө даяр болуу жана диалог куруу негизги мааниге ээ», - деди Бактыбек Бекболотов.
Дүйнөдө миллиарддаган адамдар булганган аба менен дем алууда. Бул жыл сайын 4,5 миллиондон ашык адамдын эрте өлүмүнө алып келет. Бул тууралуу БУУнун Дүйнөлүк метеорологиялык уюму билдирет. Анда уюмдун илимий кызматкери Лоренсо Лабрадор изилдөөнүн жыйынтыгы жөнүндө “Аба чек араны тааныбайт. Климат өзгөргөндөн улам токой өрт сезону узарып, күчөп баратат. Пиреней жарым аралындагы рекорддук өрттөрдөн чыккан түтүн Батыш Европага жетип, бүт континентке жайылышы мүмкүн”,-деп белгилеген. Маалыматта белгиленгендей, ошол эле учурда айрым аймактарда, айрыкча Чыгыш Кытайда жана Европада, абаны булгоочу заттардын чыгышы азайган. Мисалы, Шанхайда жаңы сейил бактар курулуп, бак-дарак отургузулуп, көптөгөн адамдар электр унааларын колдонууга өткөн.