Оюн аркылуу билим берүү — 1-2-класстарды баалоо өзгөрдүбү?

Sputnik
12 жылдык билим берүү системасында 1–2 класстарда негизинен окуучунун окуу, жазуу, сүйлөө жөндөмдөрүн, ошондой эле математикалык ой-жүгүртүүсүн өнүктүрүү маанилүү ролду ойнойт. Бул баскычта окуучуларга математика, эне тили, жаратылыш таануу, музыка, көркөм өнөр жана дене тарбия сабактары окутулат. Жаңы программага ылайык, окуу жүгү балага ылайыктуу деңгээлде жөнөкөйлөтүлгөн жана активдүү оюндар, практикалык тапшырмалар аркылуу өткөзүлөт.
2025–2026 жылдык окуу жылына карата 1–2 класска канча бала катталган? Бул класстарда окуучулар кандай бааланат?
Ушул жана башка суроолорубузга “Спутниктен сүйлөйбүз” программасынын алкагында Кыргыз билим берүү академиясы менен Агартуу министрлигинин өкүлдөрүнөн жооп ала алдык.