Талас, Нарын жана Баткендеги ЖОЖдор Улуттук университетке кошулдуПольша коңшусу Беларусь менен чек арасын жапты.Улуттук банк "Кылым банк" ачык акционердик коомуна лицензия бердиАлдыда кененирээкУлуттук банк "Кылым банк" ачык акционердик коомуна лицензия бергенин кабарлады. Анын уставдык капиталы түзүлгөндө бир миллиард сом менен бекиген. 2027-жылга чейин бул көрсөткүчтү 5 миллиард сомго жеткирүү мерчемделүүдө. Банк толугу менен мамлекетке караштуу болот. Ал ушул жылдын башында өкмөттүн токтому менен ачылган. Белгилей кетсек, мамлекеттин мындан башка да төрт банкы бар. Алар: "Айыл банк", "Элдик банк", Мамлекеттик өнүгүү банкы жана "Керемет банк". Андан тышкары, "Капитал банктын" 100 пайыз акциясы да Каржы министрлигинин карамагында.
Аймактардагы үч жогорку окуу жай Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине кошулат. Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланды. Ага ылайык, Кыргыз улуттук университетине Сатыбалды Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети, Талас мамлекеттик университети жана Баткен мамлекеттик университети кирет. Жарлыкка ылайык, КУУ кошулган университеттердин укук жана милдеттерин өзүнө алат. Ал эми министрлер кабинети алты айдын ичинде уюштуруучулук жана финансылык чараларды көрүшү керек.
Бүгүн Ош облусунун Алай районуна караштуу Гүлчө айылында кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн тарыхында өзгөчө орду бар, кыргыз элинин биримдиги жана азаттыгы үчүн эмгектенген мамлекеттик жана коомдук ишмер Алымбек датканын 225 жылдыгы мамлекеттик деңгээлде белгиленүүдө. “Алымбек датка” коомдук фондунун төрагасы, Абдылдабек Эгембердиев маалымдагандай, иш-чаранын алкагында кыргыз-казак акындарынын ортосундагы эл аралык айтыш болот. Байге фонду – 600 миң сом. Жеңүүчүгө Ош шаарынан бир бөлмөлүү батир тапшырылат. Ошондой эле мааракеде улуттук оюндар боюнча мелдештер жана гала-концерт өтөт.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин аскерлери Беларустан Кыргызстанга жөнөдү. Бул тууралуу уюмдун катчылыгы билдирди. Ысык-Көлдө 17-20-сентябрда "Рубеж – 2025" машыгуулары өтөт. Казакстандын, Россиянын жана Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн контингенттери бекитилген планга ылайык, машыгуу аймактарына которулууда. Иш-чаралар "Эдельвейс" окуу-машыгуу борборунда жана Ысык-Көл акваториясында өтөт. Негизги максат — ЖККУнун аймагына кирген мыйзамсыз куралдуу түзүмдөрдү жок кылуу боюнча согуштук аракеттерди даярдоо жана жүргүзүү тактикаларын иштеп чыгуу.
Польша Беларусь менен чек арасын жапты, ал эми түндө бардык жерин толугу менен бекитет. Бул туурасында РИА Новости жазды. Эми бир автоунаа жана эки темир жол көзөмөл-өткөрүү жайлары иштебей калат. Польшанын премьер-министри Дональд Туск мындай кадамды "коопсуздуктан улам жасалып жатат" деп негиздеп, ага себеп катары бүгүн баштала турган "Запад-2025" аталышындагы орус-беларус аскердик машыгуусун бетке кармаган. Андан сырткары, Минскинин Польшанын жаранын тыңчылыкка шек санап кармаганын кошумчалаган. Азырынча алардын чек араны канча мезгилге жабары так айтылган жок. Польша администрациясынын жана ички иштеринин министри Марчин Кервиньский чектеш жерлерди ачууну аны жогорудагы машыгууга автоматтык түрдө байлап коюуга болбостугун жана мөөнөтү такталбагандыгын айтты. Бул окуядан кийин Беларустун ТИМи Польшанын убактылуу ыйгарым укук алып, алардын аймагына иштеп жаткан дипломаты Кшиштоф Ожаннды чакырып, нааразылык нотасы оозеки айтылган. Минск бул кадамды негизсиз жана мыйзамсыз деп атады.