Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Sputnik
Министрлер кабинети Улуттук онкология жана гематология борборунун базасында өзөктүк медицина борборун түзүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Бишкекте өткөн эл аралык конференцияда билдирди. Чечейбаев “Росатомдун” колдоосу менен долбоор тез арада ишке ашарына үмүт артып жатканын белгиледи. Ал аман калган бейтаптардын санын көбөйтүү үчүн онкология тармагы реформаланып жатканын кошумчалады. Заманбап жабдуу алып келүү боюнча Индия менен макулдашылган. “Биз онкологиялык ооруларды дарылоодо эң алдыңкы технологияларды киргизүүгө умтулуудабыз”, — деди министр. Улуттук онкология жана гематология борборунун 65 жылдыгына арналган конференцияга Беларусь, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Россия, Түркия жана башка өлкөлөрдөн келген онкологдор менен онкологиялык кызматтардын жетекчилери катышты.
Бишкектин борбордук жана чоң көчөлөрүндө гольфкар, веломобиль, велорикша жана квадроцикл менен жүрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу мэриянын Муниципалдык инспекциясы билдирди. Мекеме борбордук “Ала-Тоо” аянтында рейд өткөрүп, аталган транспорт каражаттарын ижарага бергендерди текшерүүгө алган. Муниципалитеттин буйругуна ылайык, борбордук аянттан тышкары Абдрахманов, Киев, Тоголок Молдо, Жибек Жолу, Малдыбаев, Ахунбаев, Масалиев көчөлөрүндө жана Айтматов проспектинде, Жаш гвардия менен Эркиндик гүлбагында жүргөнгө да болбойт. Аталган аймактарда ижарага берип, тейлөө көрсөткөн тараптарга мыйзам чегинде айып салынат.
Жакшылыктарда коллекциялык тыйындарды кошумча катары бергендер көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук банктын эксперттик бөлүмүнүн башкы экономисти Күмүшай Артыкова билдирди. Анын айтымында, мындай өзгөчө белектер инвестициянын бир түрү болуп саналат. "Коллекциялык тыйындар — инвестициянын бир түрү. Ошону менен катар белек катары да өзгөчө орунду ээлейт. Бизге чалып, жакшылыктарга жараша ар кандай тематикадагы коллекциялык тыйындарды сурап турушат. Мисалы. "Түндүк көтөрүү" деген тыйын бар, аны жаңы баш кошкон жаштарга белек кылса болот. Айгүл деген кыздар көп, аларга Айгүл гүлү түшүрүлгөн тыйынды белекке берсе болот. "Бешикке салуу" деген бар, аны балалуу болгондо белек кылса болот. Тыйын наристенин алгачкы инвестициясы болуп калат", — деди Артыкова. Ошондой эле ал бала 18 жашка чыкканга чейин коллекциялык тыйындын баасы болжол менен 5 эсе өсөрүн кошумчалады.
Россия Кыргызстанга инженерлерди даярдоого колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди. Анын айтымында, жаңы ишканалардын ачылышы менен өлкөдө техникалык кадрлардын жетишсиздиги маселе жаратууда. Мамлекет кесипкөй адистерди чет жактан чакырууга аргасыз. "Өткөн айдын соңунда "Ростех" жана Бауман атындагы техникалык университет менен Кыргызстан үчүн инженердик кадрларды даярдоо боюнча макулдашууга кол койдук. Бир нече жылдан кийин кадр маселесин жабабыз деп ойлойм", — деди Асылкулов. Белгилей кетсек, брифинг ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жайынын өнүгүүсүнө арналды.