Европа АКШга Россиядан газ сатып албоону убадалады

Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. АКШ Европанын 2026-жылдын соңуна чейин Россиядан газ алууну биротоло токтотуу боюнча убадасын алды. Бул тууралуу Американын энергетика министри Кристофер Райт айтканын РИА Новости жазды.
"Алар кийинки жылдын аягына чейин россиялык газдын бардык түрүн импорттоону токтоторун билдиришти. Быйыл келишим аткарыла берет. 2026-жылы да макулдашууга ылайык, Россиядан газ сатып алууга жол берилет. Бирок 2027-жылдын 1-январынан тарта россиялык газ болбойт", — деген аткаминер CNBC маек куруп жатып.
Райт АКШ Европа рыногун Американын суюлтулган газы менен камсыздоону максат кылып жатканын белгиледи. Анын айтымында, экспорттун азыркы көлөмү кыйла жогорулайт.
Россиялык газдан баш тарттыруу АКШ президенти Дональд Трамптын Москвага карата көргөн санкциялык кадамы болуп саналат. Европа лидерлери 5-сентябрь күнү болгон сүйлөшүүдө Ак үйдүн ээсин толугу менен колдоп беришкен.
Чындыкка тике карайлычы... Вэнс АКШнын Россия боюнча позициясын ачыктады