Жакшылыктарда коллекциялык тыйындарды кошумча катары бергендер көбөйдү. Бул тууралуу Күмүшай Артыкова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мындай өзгөчө белектер инвестициянын бир түрү болуп саналат.
"Коллекциялык тыйындар — инвестициянын бир түрү. Ошону менен катар белек катары да өзгөчө орунду ээлейт. Бизге чалып, жакшылыктарга жараша ар кандай тематикадагы коллекциялык тыйындарды сурап турушат. Мисалы. "Түндүк көтөрүү" деген тыйын бар, аны жаңы баш кошкон жаштарга белек кылса болот. Айгүл деген кыздар көп, аларга Айгүл гүлү түшүрүлгөн тыйынды белекке берсе болот. "Бешикке салуу" деген бар, аны балалуу болгондо белек кылса болот. Тыйын наристенин алгачкы инвестициясы болуп калат", — деди Артыкова.
Ошондой эле ал бала 18 жашка чыкканга чейин коллекциялык тыйындын баасы болжол менен 5 эсе өсөрүн кошумчалады.