Пресс-борбор

Россия Кыргызстанга инженерлерди даярдоого жардам берет

Sputnik
БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Россия Кыргызстанга инженерлерди даярдоого колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Искендер Асылкулов Sputnik агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
Анын айтымында, жаңы ишканалардын ачылышы менен өлкөдө техникалык кадрлардын жетишсиздиги маселе жаратууда. Мамлекет кесипкөй адистерди чет жактан чакырууга аргасыз.
"Өткөн айдын соңунда "Ростех" жана Бауман атындагы техникалык университет менен Кыргызстан үчүн инженердик кадрларды даярдоо боюнча макулдашууга кол койдук. Бир нече жылдан кийин кадр маселесин жабабыз деп ойлойм", — деди Асылкулов.
Белгилей кетсек, брифинг ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнөр жайынын өнүгүүсүнө арналды.
РКӨФ айнек чыгарган жаңы өндүрүштү каржылады